
Түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында “Бир кадам” дебат турнири өткөрүлдү. Ага Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Баткен мамлекеттик университети жана Ордо дебат клубу катышты. Жалпы 10 команда күч сынашып, коррупцияга каршы күрөшүү темасында пикир алышты.
Анализге жана фактыларга негизделген чыңалуу жараткан оюндардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Баш байге ОшМУнун “Азимут” командасына ыйгарылды. 1-орунду Баткен мамлекеттик университетинин “Скай Лайф” командасы, 2-орунду Ордо дебат клубунун “Көк жал” командасы жеңип алды. Ал эми ОшМУнун дагы бир өкүлү болгон “Лидер” командасы 3-орунга татыды. Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Аталган турнир коррупцияга каршы күрөшүүнүн 16 күндүк акциясынын алкагында жаштар арасында коррупцияга каршы туруу маданиятын калыптандыруу жана жарандык активдүүлүктү жогорулатуу максатында уюштурулду.