ОшМУда “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасынын алкагында алгачкы модуль өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасынын алкагында алгачкы модуль өттү

Image

Кыргызстанда айымдардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган “Кыргызстандын 100 лидер айымы” программасы активдүү фазасына өттү. Анын алкагында 16-18-май күндөрү Ош шаарында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун негиздери” аталышындагы алгачкы модулу өттү.

Үч күнгө созулган окутууда катышуучулар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы боюнча теориялык жана практикалык билимдерге ээ болушту. ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова да катышты. 

Аталган программа Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик тарабынан уюштурулду. Ага Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Борбор Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы өнөктөш катары катышты. 

Программа алкагында мындан аркы модулдар дагы өткөрүлүп, катышуучулар коомдук башкаруу жаатындагы көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана лидерлик позицияларга даяр болууга мүмкүнчүлүк алышат.

2024-жылдын декабрь айында башталган программа үч айлык адистештирилген курс форматында өтүп, кадрдык резервде турган 100 айымдын квалификациясын жогорулатууга багытталган. Катышуучулар өлкөнүн аймактарындагы муниципалдык жана ведомстволук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерден тандалып алынган.

Иш-чара президенттин 2024-жылдын 7-мартындагы №62 жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Аталган жарлык “Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын” жана 2024–2027-жылдарга каралган иш-чаралар планын бекитүүнү көздөйт.

 

Фото галерея