
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 17-майда Гуандун технология жана коммерция институтунда болду.
Анда ал окуу жайдын заманбап материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышты. Институттун жетекчилиги менен болгон жолугушууда жасалма интеллект, робототехника, автоматташтырылган инженерия, электро механика багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу боюнча да пикир алышты.
Жолугушуунун соңунда ОшМУ менен Гуандун технология жана коммерция институтунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.