Жашыл жана санарип университеттер улуттук тармагы түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

Жашыл жана санарип университеттер улуттук тармагы түзүлөт

Image

Ош мамлекеттик университетинде “Улуттук Жашыл жана санарип (GDU) университеттер тармагын тармагын түзүү: милдеттер жана ишке ашыруу жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара Green and Digital Universities (GDU) концепциясын ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө арналды.

Иш-чара Erasmus+ программасынын алкагында жүрүп жаткан “GREEN and Digital Universities for Sustainable Development of Kyrgyzstan” (GREENKG) долбоорунун алкагында уюштурулду. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Германия жана Литванын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн эксперттери жана мамлекеттик мекемелерден катышты.

Катышуучулар билим берүү тармагындагы санариптик трансформация, билим сапаты, туруктуу өнүгүү принциптери жана экологиялык жоопкерчилик тууралуу баяндамалар менен таанышышты. GDU тармагын түзүү боюнча ички жоболор, анын юридикалык, каржылык жана административдик аспектилери талкууланды. Ошондой эле “жашыл” демилгелерди ишке ашыруудагы эл аралык тажрыйбалар боюнча маалымат алышты. Аны менен катар эле ОшМУдагы заманбап технологиялык — Next Generation HUB, Робототехника жана Спутниктик анализ борборлору менен таанышышты.

Жыйынтыгында «Жашыл жана санарип университеттердин улуттук тармагын түзүү тууралуу» макулдашуунун долбоору каралып, кол коюу үчүн университет ректорлоруна сунушталды. Мындан сырткары тармактын иш планын, максаттарын жана координациялык механизмдерин камтыган документтер бекитилди.

Бул конференция жогорку окуу жайлардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган стратегияларды иштеп чыгууда, билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү платформа болду. Анын жыйынтыктары GDU тармагынын өркүндөшүнө жана Кыргызстандагы жогорку билим берүү системасынын санариптешүүсүнө олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

 

 

Фото галерея