16-майда ОшМУ менен Кара-Суу шаарынын ортосунда билим берүү, илим изилдөө, жаштар демилгеси жана социалдык өнүгүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Документте Кара-Суу шаарынын жашоо сапатын жакшыртуу, аймактагы кадрдык потенциалды күчөтүү жана жаштар ишкерчилигин колдоо маселелери камтылган. Иш чарага ОшМУдан Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов катышты.
Кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүрөт:
- Билим берүү, илим, маданият жана социалдык долбоорлорду биргелешип колдоо;
- Студенттер үчүн стажировкалар, практикалар жана ыктыярчылык программаларды уюштуруу;
- Жаштардын демилгелерин жана ишкердикти өнүктүрүү;
- Форум, семинар жана конференцияларды биргелешип өткөрүү;
- Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу программаларын ишке ашыруу;
- ОшМУнун “Энактус” командасы ишке ашырып жаткан EcoТрубы (пластикалык калдыктарды кайра иштетүү аркылуу тамчылатып сугаруу, канализация, вентиляция жана курулуш үчүн түтүктөрдү өндүрүп чыгаруу) экологиялык жана GFace (майыптыгы бар адамдар үчүн компьютерди башкаруу технологиясы) студенттик инновациялык социалдык долбоорлорун колдоо.
Алдыда бул багытта биргелешке иш-аракеттер башталат.