
Медицина факультетинин жалпы жана клиникалык биохимия, патофизиология кафедрасынын башчысы Таасилкан Жумабаева, гистология жана патанатомия кафедрасынын доценттери Абсамат Саттаров менен Садырбек Курбанов Борбор Азия эл аралык медициналык университетинин “Ардактуу профессору” наамын алышты.
Наам аларга бүгүн, 16-майда Жалал-Абад шаарындагы Борбор Азия эл аралык медициналык университетинин базасында өткөн “Саламаттыкты сактоодо илим менен практиканы интегрциялоо: бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнү, фармацевтика, химия, медицина жана башка илимдердин контекстинде” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясында тапшырылды.
"Ардактуу профессор” наамы ОшМУнун кызматкерлерине Кыргызстандын билим берүүсүнө кошкон салымы жана тыгыз кызматташтыкта үзүрлүү иштеп келе жаткандыгы үчүн берилди.