ОшМУнун Медицина факультетинде гистология, цитология жана эмбриология, патологиялык анатомия предметтеринен эл аралык олимпиада болуп өттү. Ага Өзбекстандын айрым жогорку медициналык окуу жайларынын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана ОшМУнун Медицина факультетинин студенттери катышты.
Олимпиада эки этапта болду. Биринчи бөлүктө тестирлөө https://testapp.portal.oshsu.kg/ платформасы аркылуу онлайн форматта өткөрүлдү. Анда катышуучулардын алгачкы рейтинги аныкталды. Экинчи этапта студенттер практикалык көндүмдөрдү көрсөтүп, клиникалык учурлар боюнча ар кандай кырдаалдагы тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:
Гистология, цитология жана эмбриология предметинен (Абсолюттук жеңүүчү):
- Иброхимжон Шавкатов – Анжиян мамлекеттин медициналык университети;
- Сымбат Атаканова – Ош мамлекеттик университети, 1-даражадагы диплом;
- Фируза Шербаева – Кокон университетинин Анжиян филиалы;
- Мубина Базарбаева – Ош мамлекеттик университети, 2-даражадагы диплом;
- Айназик Абдыкаимова – Жалал-Абад мамлекеттик университети;
- Фаезбек Умаров – Фергана медициналык коомдук саламаттыкты сактоо институту;
3-даражадагы диплом:
- Камолхон Мухторов - Анжиян мамлекеттин медициналык университети;
- Ахрорбек Ахмедов – Кокон университетинин Андижан филиалы;
- Ясмина Маматажиева – Жалал-Абад мамлекеттик университети;
- Алымбек Субанов – Ош мамлекеттик университети;
- Анастасия Федотова – Фергана медициналык коомдук саламаттыкты сактоо институту;
- Айжан Эрмаматова – Ош мамлекеттик университети;
- Муслимбек Юсупов – Ош мамлекеттик университети.
Патологиялык анатомия предметинен (Абсолюттук жеңүүчү):
- Лайло Исакулова – Жалал-Абад мамлекеттик университети;
- Насыйкат Алтынбекова – Ош мамлекеттик университети, 1-даражадагы диплом:
- Мафтуна Асадуллаева – Анжиян мамлекеттин медициналык университети;
- Насыйкат Алтынбекова – Ош мамлекеттик университети, 2-даражадагы диплом;
- Муслима Ахмедова – Анжиян мамлекеттин медициналык университети;
- Азамат кызы Салтанат – Ош мамлекеттик университети, 3-даражадагы диплом;
- Курманжан Кочкорова – Жалал-Абад мамлекеттик университети;
- Мухаммадияр Рахимов – Ош мамлекеттик университети;
- Айжан Сапарбаева – Ош мамлекеттик университети;
- Мубина Юсупова – Ош мамлекеттик университети;
- Баяна Бакытбекова – Ош мамлекеттик университети.
Катышуучуларды жетектеп келген профессор-окутуучулар ОшМУнун ректорунун ыраазычылык каты жана эстелик белектери менен сыйланышты.
Олимпиада морфологиялык илимдердин заманбап жана актуалдуу маселелерин чечүүгө таланттуу жаштарды тартуу, медициналык окуу жайлардын ортосунда илимий жана окуу-усулдук кызматташууну өнүктүрүү максатында демилгеленген. Уюштуруучулардын айтымында, мындай олимпиадалар студенттердин предметтик билимин тереңдетүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле медициналык окуу жайлардын ортосундагы достук байланыштарды чыңдап, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.