Ректор Кытайда ОшМУнун студенттери жана окутуучулары менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Ректор Кытайда ОшМУнун студенттери жана окутуучулары менен жолукту

Image

12-майда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайдын Урумчи шаарында билим алып жаткан студенттер жана учурда квалификациясын жогорулатып жаткан ОшМУнун окутуучулары менен жолугушту.

Анда ректор университетте болуп жаткан акыркы жаңылыктар жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берип, студенттерге бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, убакытты текке кетирбестен, терең билим алып, мыкты адис болуп мекенге кайтуу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал Урумчиде түзүлгөн шарттардын жогорку деңгээлде экенин айтып, мындай эл аралык академиялык мүмкүнчүлүктөр жаштар үчүн чоң өбөлгө болорун билдирди. Мындан тышкары Кожобеков Кытай менен ОшМУнун ортосундагы кызматташтык билим берүү тармагынан сырткары, өндүрүш багытында да өнүгөрүн айтып, келечекте кытай тилин билген адистерге муктаждык жогорулай турганын белгиледи.


 

Фото галерея