Доцент Сайкал Ибраимова Чехияда илимий изилдөөлөрү менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Доцент Сайкал Ибраимова Чехияда илимий изилдөөлөрү менен бөлүштү

Image

ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Сайкал Ибраимова 12-13-майда Батыш Чех университетинин эл аралык мамилелер, саясат таануу багытынын магистранттарына жана студенттерине конок лекцияларды өттү.

Ал баяндамасында акыркы изилдөө долбоорлорунун натыйжаларын бөлүштү. Анда негизинен эрте жаштагы балдардын өнүгүү программалары жана социалдык биримдик, Кыргызстандан Европа мамлекеттерине эмгек миграциясы, анын учурдагы абалы жана көйгөлөрү изилденген. 

Сапардын алкагында Сайкал Ибраимова академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча аталган университетте окуп жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашкан. Учурда ал жакта эл аралык мамилелер багытынын алты студенти бар.

Батыш Чех университети менен ОшМУ көп жылдан бери өнөктөш катары илимий изилдөө, академиялык мобилдүүлүк жаатында тыгыз иштешип келет.

 

Фото галерея