Түркияда өткөн эл аралык мелдеште ОшМУнун студенти күмүш медаль тагынды

Башкы Жаңылыктар

Түркияда өткөн эл аралык мелдеште ОшМУнун студенти күмүш медаль тагынды

Image

Ош мамлекеттик университетинин студенти Өскөнбай Абдисаматов эркин күрөш боюнча "Champions Cup 2025" эл аралык мелдешинде 65 киллограмм салмакта күмүш медалга ээ болду. 

Мелдеш 6-7-8- май күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өттү. Кыргызстандын күрөш боюнча жаштар курама командасы 17 медаль (3 алтын, 5 күмүш, 9 коло) тагынышкан.

Өскөнбай Абдисаматов Математика, физика, техника жана жана информациялык технологиялар институтунун 5-курсунун студенти.

 

Фото галерея