
ОшМУнун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын улук окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 6-7-майда Өзбекстандын Анжиян мамлекеттик техникалык университетине иш сапар менен барышты.
Алар университеттин окуу процесси жана гуманитардык багыттагы окутуучулардын тажрыйбалары таанышты. Ошондой эле кесиптик байланыштарды түзүү менен орус тилин техникалык ЖОЖдо окутуунун заманбап ыкмаларын талкуулашты.
ОшМУнун окутуучулары студенттерге кесип тандоо, орус тилинин азыркы дүйнөдөгү ролу, зат атооч, синонимдер жана антонимдер темаларында мастер-класстарды өтүштү. Мындан тышкары методикалык материалдар менен алмашты.
Тараптар келечектеги кызматташтыкты улантуу ниетин билдиришип, онлайн-семинарларды, биргелешкен долбоорлорду жана илимий публикацияларды уюштуруу боюнча план түзүштү