ОшМУнун жамааты Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышууда 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жамааты Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышууда 

Image

Бүгүн, 9-майда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган кеңири программадагы майрамдык иш-чаралар өтүүдө.

Борбордук аянтта жана Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында өткөн  “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнө жана  концерттик программаларга ОшМУнун 3000ге чукул окутуучулары жана студенттери катышууда. 

Майрамдык иш-чаранын алкагында эс алуу багында жоокерлердин талаа ашканасы иштейт. Ошондой эле спорттук иш-чаралар орун алат. 

Расмий маалыматта, 1941-1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстан 360 миңден ашык адамды жөнөткөн. Алардын ичинен 160 миңден ашыгы курман болгон. 150 миң кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланышкан.

 

Фото галерея