«Сулайман-Тоо» кинофестивалына 200дөн ашуун эмгек келип түштү 

Башкы Жаңылыктар

 «Сулайман-Тоо» кинофестивалына 200дөн ашуун эмгек келип түштү 

Image

ОшМУда КМШдагы жаш кинематографисттердин «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы уюштурулду. Бүгүнкү күндө кароо сынакка Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 200дөн ашуун эмгек келип түштү.

Сынактын шарты боюнча фильмдер эркин темада заманбап тарбия, мектеп жашындагы балдардын көйгөйлөрү жана алар менен күрөшүү темалары чагылдырышы керек. Ошондой эле кыска метраждуу көркөм, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык  болушу шарт. Ар бир тасманын узактыгы 30 мүнөткө чейин деп белгиленди.

Учурда келип түшкөн фильмдерди Кыргызстандын эл артисти, режиссер жана кинооператор Тынай Ибрагимов башында турган калыстар тобу кароодо. Жыйынтыгы  12-14-май күндөрү өтө турган фестивалда чыгарылат. Жеңүүчүлөргө ар түрдүү номинациялар боюнча статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле фестивалдын алкагында  тасмалардын көрсөтүлүшү, мастер-класстар, панелдик талкуулар, экскурссиялар орун алат. 

Фестивалдын негизги максаты – КМШ өлкөлөрүндөгү жаш режиссёрлор менен сценаристтердин чыгармачылыгын өнүктүрүү жана алардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү. Иш-чара окуу жайдын педагогика, искусство жана журналистика институтунун Киноакадемиясы тарабынан  демилгеленген.