ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Комсомол чокусун багындырды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери Комсомол чокусун багындырды

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан Гүлкайыр Базарбаева баштаган окутуучулар жана студенттер “Альпиниада-2025” эл аралык жүрүшүнө катышты. 

Алар 4204 метр бийиктиктеги Комсомол чокусун багындырып, Кыргызстандын “Альпинизм жана аскага чыгуу” федерациясына мүчөсү болушту. Ошондой эле аларга “Кыргызстандын альпинисти” төш белгиси тапшырылды. Катышуучулар бул сынактан ийгиликтүү өтүп, өз адистигине болгон кызыгуусун жана даярдыгын дагы бир жолу далилдешти.

Иш-чараны “Альпинизм жана аскага чыгуу” федерациясы уюштурду. Жүрүш студенттер үчүн чоң стимул болуп, алардын туризм тармагындагы практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө өбөлгө түздү. Андан сырткары жаштарга командалык иш, чыдамкайлык жана профессионалдуулук сыяктуу маанилүү сапаттарды өрчүтүүгө жардам берди.

Фото галерея