Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү

Image

ОшМУнун филология жана массалык коммуникациялар институтунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. 

Иш-чара салтанаттуу митинг менен башталып, анын алкагында катышуучулар согушта курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпоо менен эскеришти. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Концертте согуш жылдарындагы патриоттук ырлар жаңырды. «Кош бол, балдар», «Катюша», «Блиндажда», «Жеңиш күнү» чыгармалары жана «Көк жоолук» бийи көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле А. Дементьев, К. Симонов, Р. Рождественский, Ю. Друнина жана башка акындардын поэзиялары көркөм окулду.

Сахнада фронттук турмушту чагылдырган театралдаштырылган коюмдар көрсөтүлүп, студенттердин чыгармачылык жөндөмү жана тарыхка болгон урмат-сыйы чагылдырылды. Майрамдык салтанат «Жеңиш күнү» ырынын жалпы аткарылышы менен жыйынтыкталды.

Майрамдык программа Улуу Жеңишке салым кошкон ардагерлерге терең ыраазычылык билдирүү, элесин түбөлүккө сактоо жана жаштардын патриоттук сезимин күчөтүү максатында уюштурулду. Иш-чараны институттун студенттери менен окутуучулары биргелешип уюштурду.

Фото галерея