ОшМУ “Ден соолук” спартакиадасында биринчи орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ “Ден соолук” спартакиадасында биринчи орунду ээледи

Image

 

Ош мамлекеттик университетинин  базасында Ош облустук билим берүү  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Ден соолук – 2025” спартакиадасы өттү. Спорттук  мелдешке жети райондон жана Ош шаарындагы төрт жогорку окуу жайдан командалар катышты. Алар спорттун алты түрү боюнча күч сынашты. Ачылуу аземинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаевдер сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады.

Жыйынтыгында ОшМУдан волейбол боюнча 40 жаштан жогору агайлар, 40 жашка чейинки агайлар, 40 жаштан жогорку эжекелер жана 40 жашка чейинки эжекелер биринчи орундарды багындырды. Ордо оюнунда да агайлар биринчи болушту. Ал эми кичи футбол боюнча 40 жаштан жогору агайлар биринчи орун, 40 жашка чейинки агайлар экинчи орунду алышты. Стол тенниси боюнча агайлар бирди,  эжекелер экинчини, шахмат боюнча агайлар биринчи, эжекелер болсо экинчи орунду жеңишти. Тогуз коргоолдон агайлар экинчи болсо, эжекелер биринчи орунду багындырды.

Жалпы командалык жыйынтык боюнча ОшМУ биринчи орунду ээледи. Ал эми экинчини ОшТУ, үчүнчү орунду Ноокат командасы ээледи. Спартакиада ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан өткөрүлдү.

Фото галерея