Жасалма интеллекттин адам укуктарына тийгизген таасири талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Жасалма интеллекттин адам укуктарына тийгизген таасири талкууланды

Image

Тарых жана юридика институтундагы илимий жумалыктын алкагында “Жасалма интеллектти колдонуу чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салуунун актуалдуу маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. 

Анда азыркы учурда өзгөчө мааниге ээ болгон жасалмаинтелектти укуктук жөнгө салуу, укук менен жасалма интеллекттин байланышын жана заманбап жаңы технологияларды өнүктүрүүдө адам укуктарына тийгизген таасири талкууланды. Иш-чарага Ош шаардык сотунун, шаардык прокуратуранын, Юстиция министрлигинин Оштогу башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, ОшМУнун жетекчилиги, ошондой эле аймактагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар, магистранттар жана студенттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө баяндамалар окулуп, катышуучулар ортосунда жандуу талкуулар, суроо-жооптор орун алды. Теманын алкагында сунуштар берилип, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. 

Иш-чараны “Жарандык укук жана процесси” кафедрасы уюштурду.

 

 

 

 

Фото галерея