
Бүгүн, 29-апрелде ОшМУда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдөгү коопсуздук маселеси, жаштар арасында деструктивдүү идеологиялардын таралышын алдын алуу, коомдук туруктуулукту жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Иш-чара “ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугу, коркунучтар, чакырыктар жана тобокелчиликтер” деген аталышта өттү. Ага ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын катчылыгынын аналитикалык бөлүмүнүн кеңешчиси Вячеслав Кочарян, ассамблеянын өкүлдөрү, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, студенттер жана окутуучулар катышты. Жыйында ректор баяндама жасап, буларды айтты:
“Университеттин негизги ролу — билим берүү менен катар жаштарды тарбиялоо, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана коомго болгон жоопкерчиликти сезүү жөндөмүн калыптандыруу. Учурда ОшМУ коопсуз жана саламат жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда”.
Ал эми Вячеслав Кочарян уюмдун иш-аракети боюнча катышуучуларга маалымат берди. Ошондой эле жаштарды ар түрдүү терроризмге үгүттөгөн чакырыктардан алыс болууга чакырды.
Буга чейин ОшМУда профессор Байболот Абытов башында турган эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Алар Парламенттик ассамблея менен тыгыз кызматташып, 2025-жылдын март айында Санкт-Петербург шаарында өткөн конференцияда «Жаштарга деструктивдүү идеологиялардын таасирин азайтуу жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул демилге эксперттер тарабынан колдоого алынып, 2026-2030-жылдарга карата ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү программасына киргизилген.