
Улуу жеңиштин 80 жылдык мааракесине карата бүгүн, 29-апрелде ОшМУда “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Конференцияга Өзбекстан, Казакстан, Тажикистан, Орусиядан тарыхчы окумуштуулар, аскер адамдары, Жамааттык коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Пленардык отурумда, “Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында”, “Чыгыш өлкөлөрүнүн тили, адабияты, тарыхы, маданияты, дини жана философиясы, экономикасы, ички жана тышкы саясаты: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги” деген секцияларда окумуштуулардын, магистранттардын, студенттердин баяндамалары жасалып, талкуулар орун алды.
“ОшМУда “Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон мекендештердин изи менен” деген илимий долбоордун үстүнөн иштеп, 20 томдук китеп даярдалып басмага берилди. Бул эмгектин баалуулугу буга чейин жарыкка чыга элек аскер комиссариаттардын архивдеринде турган согушка кеткен 267 миң 388 адамдын тизмесин даярдадык. 140 миңден ашыгы согушта каза болгон, дайынсыз жоголгондордун тизмесин тактадык. Андан сырткары согуштан кайтып келгендердин да тизмеси аныкталды. Бүгүнкү конференцияда да Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, жеңиш күнүндө Кыргызстандын да салымы чоң экенин белгилеген баяндамалар окулду”, -деди Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев.
Иш-чаранын алкагында жаңы архивдик маалыматтар камтылган фото көргөзмө уюштурулду.
Конференция ОшМУнун Чыгыш таануу институту, Коргоо министрлигинин Башкы штабы, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлдү.