Адбыкерим Исаевдин Улуу жеңиштин 80 жылдык мааракесине арналган монографиясы жарык көрдү

Башкы Жаңылыктар

Адбыкерим Исаевдин Улуу жеңиштин 80 жылдык мааракесине арналган монографиясы жарык көрдү

Image

Улуу жеңиштин 80 жылдык мааракесине карата ОшМУнун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Абдыкерим Исаевдин “Кыргызстандын мектептери Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941-1945)” аттуу монографиясы жарык көрдү.

Анда согуш жылдарындагы агартуу кызматкерлеринин жана кыргыз мектептеринин ишмердүүлүгү баяндалган. Бул колдонмо агартуу тармагынын кызматкерлерине, студенттерге, илим изилдөөчүлөргө жана жалпы окурмандарга сунушталат.

Адбыкерим Исаев ондон ашуун усулдук колдонмолордун, окуу куралдардын, монографиялардын жана элүүдөн ашык илимий-публицистикалык макалалардын автору.