
Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан Сыдыков ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жетектеген структура жетекчилери менен онлайн форматта 28-апрелде жолукту. Анда тараптар жаңы окуу жылынан аталган окуу жайдын ОшМУдагы казак тили жана маданияты борборун кеңейтип, ОшМУнун базасында Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалын ачуу боюнча сүйлөштү.
Аталган филиал Евразия улуттук университетинин бир тараптуу дипломун берет. Алдыда ага лицензия алуу, 2025-жылдын сентябрь айынан студенттерди кабыл алуу иштери турганы белгиленди.
Август айында күтүлүп жаткан Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин Бишкекте өтүүчү жолугушуусунда билим берүү жаатында да расмий келишимге кол коюу пландалып жатканы айтылды. Бул келишим тараптардын кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттер аралык илимий билим берүүнү өркүндөтүү максатын көздөйт.
2022-жылы ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы - казак тили жана маданияты борбору ачылса, 2023-жылы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору пайдаланууга берилген.