
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат 28-апрелде Кытайдагы Гуандун провинциясынын Борбор Азиядагы өндүрүш палатасынын жетекчилиги астында келген 11 компаниянын директорлору менен жолукту.
Апрель айынын башында Кожобеков баштаган делегация Кытайга болгон иш сапарында аталган провинциянын Орто Азиядагы өндүрүш палатасынын жетекчилиги менен жолугуп, бир нече кытайлык ири компанияларда болушкан. Анда ОшМУнун алдыдагы билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш багыттарында пландары менен тааныштырган. Жолугушуунун алкагында компаниялар кызматташууга кызыктар экенин билдиришкен.
Аталган иш сапарга жооп иретинде келген делегация ОшМУнун курулуш багытында жасалып жаткан ири долбоорлору, курулуш иши жүрүп жаткан медициналык клиникасы менен таанышты. Тараптар бир нече жаңы долбоорлордумишке ашыруу, 4.0 муундагы университетке айлануу жолунда биргелешкен ишканаларды ачуу пландарын талкуулап, кызматташуунун жол-жоболорун аныкташты.
Алдыда Гуандун провинциясындагы компаниялар менен кызматташуу келишимдери түзүлөрү макулдашылды.