Окутуучу Жыргалбек Үсөн уулу Наманганда студенттерге лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Окутуучу Жыргалбек Үсөн уулу Наманганда студенттерге лекция окуду

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун спорттук жана улуттук оюндар кафедрасынын улук окутуучусу Жыргалбек Үсөн уулу 22-23-апрелде Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунда студенттерге конок лекция окуду.

Жыргалбек Үсөн уулу “Билим берүү мекемелеринде дене тарбияны окутуунун методикасы” аталышындагы конок лекциясында дене тарбия сабагын өтүүдөгү жаңы методикаларга токтолгон. Алсак, дене тарбия сабактарын натыйжалуу өткөрүү жолдору, жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша пландаштыруу, дисциплинаны сактоо жана мотивация жаратуу сыяктуу маанилүү темалар боюнча маалымат берилди.

Окутучу коңшу өлкөгө "Заманбап билим берүү тенденцияларында педагогика жана психологиянын стратегиялары жана мамилелери" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга барган. Сапардын алкагында Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун магистратура бөлүмү менен ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту кызматташуу келишимине жетишкен. Документте магистранттардын илимий макалаларын жарыялоого көмөктөшүү, диссертация жазууда методикалык колдоо көрсөтүү, академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, илимий конференциялар менен семинарларды чогуу уюштуруу каралган. 

Кызматташтык демилгеси эки тараптын магистранттары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын илимий жана академиялык өнүгүүсүнө өбөлгө болору күтүлүүдө.

 

Фото галерея