ОшМУнун коопсуздук кызматы жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 1-апрелден 10-апрелге чейин “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча окуу жайдын бардык институт, факультет, колледждеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодекси, укук бузуулар, кодекстин терс идеологиялардан, эл аралык терроризм жана диний экстремизмден жаштарды коргоо боюнча нормалары жөнүндө маалымат берилди.
Ошондой эле өлкө аймагында сот тарабынан тыюу салынган диний жана террордук уюмдар, эл аралык террордук топторго кабыл алуу ыкмалары, дин кызматкерлеринин арасында экстремисттик аракеттердин белгилерин аныктоо жолдору, ОшМУнун студенттерин радикалдык агымдарга тартуунун алдын-алуу жана ата-энелер менен окутуучулардын өспүрүмдөрдү көзөмөлдөшүнүн маанилүүлүгү боюнча лекциялар окулду.
Президент Садыр Жапаров быйыл январда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 26-декабрында кабыл алган.