Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында бир катар маселелер каралды

Башкы Жаңылыктар

Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында бир катар маселелер каралды

Image

Бүгүн, 27-февралда ОшМУнун Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Анда кеңештин жаңы мүчөлөрү тааныштырылып, бир катар маанилүү маселелер каралды. Алар:

  • Эконом-географтардын Евразиялык конгрессин ОшМУда  өткөрүүгө байланыштуу каржынын сметасы;
  • Окуу жайдын электр-энергосистемасы жөнүндө жобосу;
  • Билим берүүдөгү стандарттарды карап чыгууга тартылган эксперттердин эмгек акысын белгилөө;
  • Акы төлөнүүчү тейлөөлөр боюнча түзүлгөн тарифтердин прейскуранты. 

Мындан сырткары окуу жайдын спорт клубдарынын 2024-2025-окуу жылына карата спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча түзүлгөн каржы сметалары, Ветеринардык клиниканын кайрадан иштелип чыккан жобосу жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифтеринин баалары (прейскурант) каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кеңештин 2024-жылда жүргүзгөн иштери боюнча катчы Абдыманап Абдыкеримовдун отчеттук маалыматы угулду.

 

Фото галерея