26-февралда ОшМУнун Бизнес паркы студенттердин ишкердик жөндөмүн өнүктүрүп, практикалык тажрыйба топтоосу үчүн Ош шаарында жайгашкан “Алайкуу Органикс” компаниясынын базасына алып барышты.
Бул долбоордо студенттер ишкердиктеги пландоо, продукцияны рынокко чыгаруу, маркетинг стратегияларын түзүү жана сатуу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болушту. Андан сырткары компаниянын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, жетекчилиги менен да жолугушту. Алар ишкердиктин кыйынчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, бизнес-чөйрөдө ийгиликке кантип жетүүну үйрөнүштү.
“Бул сыяктуу демилгелер жаштардын өз алдынча бизнес баштоосуна чоң көмөк көрсөтүп, өлкөнүн ишкердик экосистемасын өнүктүрүүгө салым кошот”, - дейт уюштуруучулар.