ОшМУда кыргыз үй-бүлөсүнүн салтты сактоо жана заманбап жашоого ыңгайлашуусуу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кыргыз үй-бүлөсүнүн салтты сактоо жана заманбап жашоого ыңгайлашуусуу талкууланды

Image

 

22-февралда ОшМУда "Кыргыз үй-бүлөсү глобалдык доордо: салтты сактоо жана заманбап жашоого ыңгайлашуу" аттуу темадагы тегерек стол уюштурулду.

Иш-чараны Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтунун укук жана социалдык изилдөөлөр бөлүмү менен аспирантура бөлүмү уюштуруп, Илимий иштер боюнча проректор Элзарбек Эшаров, бөлүм башчылар, аспиранттар жана студенттер катышты.
 
Жыйында Абжапар кызы Фарида “Үй-бүлөдөгү Y, X, Z жана Alpha муундарынын мамиледеги өзгөчөлүктөрү”, София Абдуматова “Салт жана заманбап тарбиянын айкалышы”, Кундуз Абдибакир кызы “Үй-бүлөдө улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу жолдору”, Азизакан Жусупова  “Глобалдашуу жана азык-түлүк коопсуздугу: улуттук ашкананын келечеги” деген темада баяндама жасашты.

Ал эми Айпери Колпакова “Заманбап технологиялардын үй-бүлөгө тийгизген таасири”, Кайыргүл Мамыргазы кызы “Глобалдык доордо үй-бүлөнүн өнүгүүсүн математикалык моделдөө”, Салима Бактыбаева “Глобалдык доордо: салтты сактоо менен далилдүү медицинанын ыкмаларын колдонуу жана ыңгайлашуу, Акылбек Бурканов “Миграциянын шартындагы үй-бүлөлүк стресс көйгөйлөрү” боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында философия жана политология кафедрасынын доценти Гүлүмбү Токоева тегерек столдо окулган баяндамалардын мааниси, бул багытта алдыда алып барылуучу иштер боюнча пикирин билдирди. Ошондой эле ал жыйында кыргыз үй-бүлөсүнүн салттуу баалуулуктарын сактоо, глобалдашуу шарттарына ыңгайлашуу тууралуу маанилүү маалыматтар айтылганын белгиледи.

Фото галерея