
Ош шаарындагы №7 Нариманов орто мектебинин 8-9-10-11-классынын окуучуларына “дары” наркоманиясын алдын алуу боюнча боюнча атайын окутуу өттү. Аларга “Дары” наркоманиясына каршы күрөш: Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чараларды иштеп чыгуу” долбоорунун эксперти Диларам Мадаминова маалымат берди. Окутуу 7-февраль күнү болуп, ага Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин студент-ыктыярчылары, Ош шаарындагы ден соолукту чыңдоо кабинетинен, ата-энелер комитетинен, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынан, социалдык педагогдордон жана мектеп жетекчилигинен өкүлөр катышты.
Долбоор Ош мамлекеттик университетинин доценти Аманай Акматованын жетекчилигинде ишке ашууда. Илимий изилдөө “дары” наркоманиясын алдын-алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча натыйжалуу чаралардын комплексин иштеп чыгууну көздөйт.