
Бүгүн, 24-декабрда ОшМУнун он студенти «Атуулдук стипендия» алды. Аларды сыйлоо үчүн «Идея, аракет, натыйжа” аталышында иш-чара уюштурулуп, ага ректор Кудайберди Кожобеков, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты.
Кожобеков студенттерге кең келечек каалады.
«Бул силерге чек болбошу керек, ийгиликтериңердин башаты болуш керек», -деди ректор.
2024-2025-окуу жылында «Атуулдук стипендия» алган студенттер:
Иш-чарада ОшМУнун ТОП–20 студентине 10 миң сомдон берилди. Алар AVN программасында жана окуудагы эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгондор. Мындан сырткары жыл ичинде мыкты жыйынтыктарга жеткен жаштарга да сыйлыктар ыйгарылды.
«Аттуулдук стипендия» Кыргызстандагы эң абройлуу стипендиялардын бири болуп эсептелет. Ал өз алдынча аракеттенип, коомдук иштерге активдүү катышып келген, сабактарын мыкты өздөштүргөн студенттерге тапшырылат. Мында ОшМУдан сырткары чет өлкөлөргө чыгып, илимий, билим берүү жаатында өз тажрыйбасын кеңейтип, кесиптик чеберчилигин өнүктүргөнү да каралат.
Стипендиаттарды тандоо «ОшМУнун мыкты студенти» сынагы жөнүндө жобонун негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, конкурс эки баскыч менен өтөт. Биринчиси факультеттик, ал эми экинчи этап университеттик деңгээлде болот.
«Аттуулдук стипендия» он жылдан ашуун убакыттан бери туруктуу берилүүдө. Мында бир студентке айына 100 доллардан которулат. Бул сумма жылына 1200 долларды түзөт. Стипендия ОшМУда эмгектенген, илимдин доктору, профессор, меценант агай тарабынан берилип келет.
2012-жылдан тартып «Атуулдук стипендия» алган студенттердин саны элүү бешке жетти.