Балдар бакчаларынын директорлорун тандоонун тесттирлөөсү өттү

Башкы Жаңылыктар

Балдар бакчаларынын директорлорун тандоонун тесттирлөөсү өттү

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын директорлорун бош орундарына конкурстук тандоонун тесттирлөөсү ѳткѳрүлдү.

Сынак эки бөлүктөн туруп, алгач талапкерлер документтерин тапшырган. Талап боюнча жетекчи болууну каалагандардын беш жыл бала бакчада иштеп, жети жылдык эмгек стажы болуусу шарт. Экинчи бөлүгүндө катышуучулар 55 тапшырмадан турган тесттик суроолорго жооп беришет.

Сынак 2 күн болот. Буга Ош шаарынан, аймактардан, Жалал-Абад жана Баткенден келип тапшырууда. Жыйынтык тапшырманы аяктаган соң дароо чыгат. Талапкер 50% босого баллдан өтүшү керек. 

Өлкө боюнча бала бакча жетекчиси кызматына жалпы 747 бош орун бар. Ага 577 адамдан арыз келип, анын ичинен 468и тандалып алынган. Белгилей кетсек, сынак Министрлер кабинетинин жобосунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Фото галерея