
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!
Сиздерди 31-май саат 19:00дө А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда өтө турган Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине арналган чоң программадагы шоу-концертке чакырабыз!
Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда уланат.
Кеченин коноктору:
Керим Турапов, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Жийдеш Идирисова,Замир Мырза, Султан Садыралиев, Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева, JAХ, Малика Дина, Freeman 996, Эламан Жалалов, PPTV тобу.
Келип кылым карыткан куттуу окуу жайдын мааракесине күбө болуп кетиңиздер!
Кирүү акысыз!
ОшМУ – биз менен дүйнөнүн эшигин ач!
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус Общий отдел: +996 3222 7-07-12, факс +996 3222 7-09-15, edu@oshsu.kg
Приемная комиссия: +996 3222 7-08-18, priem@oshsu.kg