ОшМУнун футзалчылары КРдин Кубогун утту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун футзалчылары КРдин Кубогун утту

Image

7-майда Бишкектеги «Газпром» спорткомплексинде футзал боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалдык оюну өттү.

 Финалда ОшМУнун “Университет” кичи футбол курама командасы «Дордой» командасы менен беттешти. Жыйынтыгында 5:3 эсебинде  жеңип тарыхта алгачкы жолу университеттин командасы КРдин Кубогун утту. Мелдеште ОшМУнун “Университет” кичи футбол курама командасынын оюнчусу Мухамед Аскарбеков финалдын мыкты оюнчусу деп табылды.

Беттештердин соңунда командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Салтанаттын коноктору болуп Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев жана Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина катышты.

Фото галерея