Кострома мамлекеттик университети ОшМУ менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

Кострома мамлекеттик университети ОшМУ менен кызматташат

Image

Орусиянын Кострома мамлекеттик университети менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү. Келишимге Тарых жана социалдык иштер факультетинин, социалдык иштер кафедрасынын башчысы, доцент Нурзыйнат Токторбекованын аталган окуу жайга болгон иш сапарында кол коюлган.

Кызматташуу келишимине ылайык эки университеттеги бардык багыттар, адистиктер боюнча академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу, конок лекцияларды, илимий конференцияларды өткөрүү билим берүү, илим изилдөө жаатында биргелешип иштөө каралган.

КМУнун ректору Денис Чайковский ОшМУ жөнүндө жылуу пикирин билдирүү  менен бул эки тараптуу келишим тажрыйба алмашуу жана жаңы билимдерди алуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк экенин белгилеген. Ошондой эле чакыруу болуп калса кубануу менен ОшМУга келип таанышып кетерин баса кошучалаган.

Социалдык иштер кафедрасынын башчысы, доцент Нурзыйнат Токторбекова  иш сапардын алкагында “ABILYMPIX-2024: Социалдык иштеги социалдык өнөктөштүктүн стратегиялары” аталышындагы  бүткүл россиялык илимий-практикалык конференцияга катышты. Нурзыйнат Токторбекова  Орусиянын Кострома облусунун билим берүү жана илим башкармалыгынын чакыруусу менен барган.

Фото галерея