ОшМУнун студенти эл аралык сынакка катышат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти эл аралык сынакка катышат

ОшМУда Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган "Кытай көпүрөсү-достук көпүрөсү" аталышында республикалык сынак болуп өттү.  Сынакка жалпы Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын Конфуций институттарынан 14 студент катышты.

Сынакта катышуучулар 3 баскыч боюнча мелдешишти. Алгач өздөрүн кытай тилинде тааныштырышса, 2-баскычта суроолорго жооп беришти. Ал эми 3-баскычта таланттарын көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгы менен биринчи орунду ОшМУнун Конфуций институтунун (Кыргыз-кытай факультети)  студенти Гулшайыр Нурбек кызы жеңип алды. Эми ал сынактын шартына ылайык Кыргызстандын атынан Кытайда өтүүчү Конфуций институттарынын мыкты студентин аныктоочу эл аралык сынакка катышат.  

Бул эл аралык сынак 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл уюштуруучулардын тандоосуна ылайык биринчи жолу ОшМУда өттү. Ар жылы бул сынак ар бир өлкөнүн ичиндеги Конфуций институттардын арасында өтөт. Андан жеңүүчү аталган бир студент Кытайда өтүүчү эл аралык сынакка катышат.