Өзбекстанда  ОшМУнун 85 жылдык мааракеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстанда  ОшМУнун 85 жылдык мааракеси белгиленди

Image

Өзбекстандын А.Наваи атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде окуу жайдын  85 жылдык мааракесине арналган  иш-чара болуп өттү. “ОшМУ – достуктун, маданий-адабий байланыштын ордосу” аталышындагы иш-чарага университеттин тышкы иштер боюнча проректору Курсантбек Аттокуров баштаган делегация катышты.

Маданий иш-чарада  “ОшМУга - 85 жыл” аттуу көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө ОшМУда өндүрүлгөн жана студенттердин колу менен тигилген сайма, курак, чоподон жасалган буюмдар коюлду. Ошондой эле окуу жайдын искусство факультетинин окутуучусу, дизайнер Адина Абдыжапар кызына таандык кыргыз улуттук кийимдеринин  коллекциясы көрсөтүлдү.

Иш-чара “Ош мамлекеттик университетинин заманбап билим мейкиндигине интеграциялануудагы орду” аталышындагы илимий семинар менен уланды.  Анда проректор К.Аттокуров Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде ачылган Ч.Айтматов атындагы Кыргыз тили жана маданияты борборуна кыргыз кыздарынын улуттук кийимдерин белекке берип, окуу жайдын тиешелүү жетекчилерине ОшМУнун ректорунун Ыраазычылык катын тапшырды.

Сапардын алкагында ОшМУдан барган делегация Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин окуу корпусу, билим берүү жана тил үйрөтүү  багытындагы борборлору жана кааналары менен  таанышты. Эки университеттин келечектүү иш-пландарын талкуулашты.

Фото галерея