ФЮКтун волейбол курама командасы чемпион

Башкы Жаңылыктар

ФЮКтун волейбол курама командасы чемпион

Image

Финансы-юридикалык колледжинин волейбол курама командасы түштүк регионундагы колледждер аралык мелдеште 1-орунду багындырды.  Мелдешке  жалпы 13 команда катышкан.

Спорттук иш-чара колледждердин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин арасында болуп,  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өттү.

Колледждин курама командасы буга чейин Ош шаарында жайгашкан колледждер арасында  өткөн оюндардын  2-жолку чемпиону болгон. Ал эми Жалал-абад шаарында  колледждер арасында өткөрүлгөн  турнирде биринчи орунду алган. Мындан сырткары ОшМУнун колледждер арасында 2022-2023 окуу жылында өткөрүлгөн  оюнда дагы 1-орунга татыган.

Финансы-юридикалык колледжинин волейбол курама командасын 2020-жылдан тартып дене-тарбия факультетинин окутуучусу Мыктыбек Адишов машыктырып келет.

Мындан сырткары 2023-жылы фераль айында  курама команда коңшу Өзбекстандын Андижан шаарында достук беттишин өткөрүп келишкен.

Фото галерея