Ректор Быдгощ экономикалык университетинен келген делегацияны кабыл алды

Башкы Жаңылыктар

Ректор Быдгощ экономикалык университетинен келген делегацияны кабыл алды

Польшадагы Быдгощ экономикалык университетинен келген делегация окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда эки университеттин ортосундагы кызматташууну бекемдөө, байланыштарды чыңдоо,  биргелешип ишке ашырып жаткан долбоорлордун келечеги тууралуу пикир алышты.

Эки университеттин  кызматташтыгын бекемдөөөгө салым кошуп келе жаткан Быдгощ экономикалык университетинен Спорт жана дене тарбия институтунун директору Александр Скалий баштаган профессорлор  ОшМУнун эмгек синирген ишмери төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланды.

Делегация окуу жайда 22-27-апрель күндөрү болот. Адистиктерге конок лекцияларды окуп, мастер-класстарды өткөрүшөт.  Ошондой эле эки окуу жайдын ортосунда биргеликте ишке ашып жаткан РИТА долбоору боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшөт.

Фото галерея