ОшМУ Кореянын Пэй Чэй университети менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Кореянын Пэй Чэй университети менен меморандумга кол койду

Кореянын Пэй Чэй университетинин сырткы байланыштар боюнча башкы адиси You Wha Lee баштаган делегация бүгүн ОшМУда келди. Коноктор окуу жайдын Чыгыш таануу институту уюштурган салтанаттуу жыйынга катышты. Студенттердин концерттик программасына күбө болуп, Чыгыш таануу институтунун студенттерине Пэй Чэй университетинин дипломдорун тапшырышты.

Иш-чаранын алкагында Пэй Чэй университети менен ОшМУнун  ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Меморандумдун алкагында гуманитардык жана табигый илимдер жаатында илимий-изилдөө долбоорлорун, студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, ыктыярчы окутуучулар менен камсыз кылуу, окуу китептерин, көргөзмө куралдарын биргеликте даярдоо, окутуучулардын  тажрыйба алмашуусу, эки окуу жайдын ортосунда 2+2 жана 2+1 программасын ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүү маселелери талкууланды.

Делегация ОшМУнун билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар, санариптештирүү багыттарындагы жетишкендиктери менен таанышты. Андан сырткары Чыгыш таануу институтунда болуп, окуу жайдын жамааты, студенттер менен жолукту.

 

Фото галерея