Билим берүү: Сабактарда алдыңкы  тажрыйбаны жайылтуу колго алынууда

Башкы Жаңылыктар

Билим берүү: Сабактарда алдыңкы  тажрыйбаны жайылтуу колго алынууда

Image

Педагогика жана психология факультетинин "Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин жана адабиятынын теориясы жана методикасы" кафедрасынын башчысы доцент Гуламидин Жеенбаев 3- курстун НОб-1-21-тайпасынын студенттери менен Кыргыз тилинин практикуму сабагынан көрсөтмөлүү ачык сабак өттү.

Ага улай эле Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун "Жогорку математика" кафедрасынын башчысы Дильбар Кедейбаева англис тили адистигинин студенттерине математиканын табышмактуу сырларын ачкан ачык, көрсөтмөлүү сабак өттү.

Доценттер сабакттарды алдыңкы  тажрыйбаны жайылтуу жана чеберчиликтерин бөлүшүү максатында өтүштү. Сабакка кафедра мүчөлөрү жана окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери катышты.

Сабактарда  анализдөө  учурунда кызуу талкуу жүрүп, жаш окутуучуларга да кеп-кеңештер айтылды. Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери  доценттер окутуунун техникалык каражаттарын эркин пайдаланып, интернет ресурстарынын Kahoot тиркемесин колдонуп, кайтарым байланыш жүргүзүп, сабактар кызыктуу, эмоционалдуу болгонун белгиледи.

Фото галерея