БҮГҮНКҮНҮН ДҮЙШӨНҮ - ГАПЫР МАДАМИНОВ ОШМУДА

Башкы Жаңылыктар

БҮГҮНКҮНҮН ДҮЙШӨНҮ - ГАПЫР МАДАМИНОВ ОШМУДА

ОшМУда “Студенттердин билим сапатын жакшыртуудагы акыл эмгеги маданиятынын ролу” деген аталыштагы усулдук-практикалык конференция болуп өттү. Тарых жана социалдык иштер факультети тарабынан уюштурулуп, конок катары  КРдин эмгек сиңирген мугалими, Гапыр Мадаминов чакырылган. 

Гапыр Мадаминов иш-чаранын катышуучуларына студенттердин өз алдынча билим алуусундагы жана ишмердүүлүгүндөгү акыл эмгеги маданиятынын мааниси, анын  заманбап билим берүүдөгү артыкчылыктары жана кемчиликтери боюнча айтып берди.

Заман талабына жооп берген сапаттуу билимге ээ болуу үчүн студенттерге эмгек, мээнет жана тарбия зарыл экендигин белгиледи.

ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинде акыл эмгегинин маданияты предмети 3 жылдан бери окутулуп келет. Буга байланыштуу жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гүлзада Жумашова  “Жаратман устаттын билим дүйнөсүндөгү ийгиликтери” деген темада баяндама жасады. Бул предмет боюнча билим алып жаткан факультеттин 4-курсунун студенти  Токтонали кызы Айгерим  “Билим алуудагы АЭМдин артыкчылыктары”, 1-курстун студенти Эмир Кубанычов “Максаттуу окуп үйрөнүүнүн жолдору” деген темаларды камтыган дициплинанын жыйынтыгынын тааасирлери менен бөлүшүштү.

Фото галерея