ОшМУнун студенттери "Кыргыз-Казак" жаштар форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери "Кыргыз-Казак" жаштар форумуна катышты

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери Исхак Эгемназаров жана Сезим Сагынбекова Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн "Кыргыз-Казак" жаштар форумуна катышты.
Форум президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик расмий иш сапарынын алкагында өттү.
"Кыргыз-Казак" жаштар форумуна Кыргызстандан ыктыярчылык, жасалма интеллект, экология, блогерлик, жаштар саясаты жана актуалдуу тармактарда жигердүү эмгектенип, ийгилик жаратышкан 30га жакын жаштар барышты.
 Форумдун жүрүшүндө  эки өлкөнүн жаштары “Климаттык активдүүлүк-эки өлкөнүн жаштарын баш коштуруунун куралы катары”, “Санариптик келечек: Казакстан жана Кыргызстандын жаштары үчүн заманбап тренддер жана мүмкүнчүлүктөр”, Казакстан менен Кыргызстандын маданият жаатындагы кызматташтыгы темаларында баяндама жасашты.  “Блогерлик”, “Ыктыярчылык”, “Жаш мамлекеттик кызматкерлер”, “Креативдик индустрия” багыттары боюнча диалогдук аянтчада пикир алышты.

Фото галерея