ОшМУнун студенттери  Эл аралык жаштардын морфологиялык симпозиумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери  Эл аралык жаштардын морфологиялык симпозиумуна катышты

Image

Орусиянын Воронеж шаарында II Эл аралык жаштардын морфологиялык симпозиуму өттү. Илимий иш-чара Орусиянын Илимдер академиясынын 300 жылдыгына арналган XX Эл аралык Бурденков атындагы илимий конгресстин алкагында уюштурулду. 
Симпозиумга ОшМУнун медицина факультетинин 6 студенти аралыктан  катышып, тематикалык баяндамаларды жасашты.
Жыйынтыгында 2-курстун студенти Мира Тажибаева жана 1-курстун студенти Азамат Сактановдун баяндамалары  3-орунга татыды.
Эл аралык жаштардын морфологиялык симпозиумунда  студенттердин баяндамаларын караган калыстардын катарында ОшМУнун медицина факультетинин доценти  Кыялбек Сакибаев да болду.

Фото галерея