ОшМУнун Тег-регби курама командасы чемпионатта байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун Тег-регби курама командасы чемпионатта байгелүү орунду ээледи

Image

Бишкекте өткөн Тег-регби боюнча өлкө чемпионатына ОшМУнун курама командасы катышты. Мелдеште 7 команда күч сынашты. Жыйынтыгында ОшМУда жаңыдан түзүлгөн Тег-регби командасы мыкты оюн көрсөтүп үчүнчү орунга ээ болду.

ОшМУнун Тег-регби боюнча курама командасы 1 жыл мурда  түзүлгөн. Учурда командада 10 оюнчу бар. Курамын негизинен дене тарбия факультетинин студенттери жана окутуучулары түзөт. Курама команданын машыктыруучусу аталган факультеттин окутуучусу, Шумкарбек Окен уулу.

Жогорку окуу жайлар арасында регби жана тек-регби боюнча алгачкы жолу ОшМУда курама команда түзүлгөн.

Буга чейин регби боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында ОшМУнун регби боюнча кыздар жана балдар курама командалары 4-орунду ээлеген. Ал эми жакында Анжиянда өткөн турнирде 2-орунду багындырган.

Регби жана тек-регби олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Машыктыруучунун айтымында спорттун бул түрүн университеттеги окуу программасына киргизип, студенттер арасында кеңири жайылтууну максат кылышууда.

Фото галерея