Студенттик олимпиадада ОшМУ алдыңкы орунду багындырды

Башкы Жаңылыктар

Студенттик олимпиадада ОшМУ алдыңкы орунду багындырды

Image

Ош технологиялык университетинде университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиадасы өттү. Аймактык олимпиадага Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Багыттар боюнча катышкан ОшМУнун 98 студентинен 1-орунга  17 студент, 2-орунга 15 жана 3-орунга 10 студент ээ болду.  
Жалпы эсеп боюнча 6 жогорку окуу жайынын ичинен ОшМУ предметтик олимпиаданын жыйынтыгында алдыга чыгып, биринчи орунду багындырды.  
Олимпиада студенттердин билимин, окутулуп жаткан дисциплиналар боюнча ЖОЖдор аралык сыноо менен ынтымак-достукту бекемдөөгө багыт берүү максатында өткөрүлдү.
Ошондой эле студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү. 
Кезектеги университеттер аралык аймактык XII студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине  берилди.

Фото галерея