ОшМУ Хэнань университети менен келишимге кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Хэнань университети менен келишимге кол койду

Image

 

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев жана кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Марат Абдыкуловдор  Кытайга болгон иш сапардын алкагында  Хэнань университетинде болушту.

Жолугушууда ОшМУ Хэнань университети менен кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимге кол коюу аземинде «кытай тили + адистик» форматында кызматашуу, профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

       Хэнань университети 1912-жылы негизделген  Кытайдын алдынкы жана ири окуу жайларынын бири болуп саналат. Университет дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнүн  70  жогорку окуу жайы менен кызматташат.

Фото галерея