Токио медициналык жана стоматологиялык университети ОшМУ менен биргеликте ири долбоорду ишке ашырат

Башкы Жаңылыктар

Токио медициналык жана стоматологиялык университети ОшМУ менен биргеликте ири долбоорду ишке ашырат

Image

ОшМУ Токио медициналык жана стоматологиялык университети биргеликте “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө” борборун түзүү долбоорун ишке ашырат. Долбоор тандоо этабынан өтүп, SATREPS программасына катышууга мүмүкүнчүлүк алды. Долбоордун жалпы суммасы 5 млн АКШ долларын түзөт.

SATREPS  программасы— Япониянын алдыңкы илимин жана технологиясын өнүктүрүүгө расмий жардам (ODA) көрсөтүүчү демилге болуп саналат.

Бул программа Япониянын илим жана технологиялык агенттиги, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана Япониянын Медициналык изилдөөлөр жана өнүктүрүү агенттиктеринин ортосунда ишке ашырылат. Программа бир нече этаптан турган катуу тандоо критерийлерин камтыган Япониядагы эң ири илимий грант болуп саналат.

SATREPS долбоору Кыргызстандын тарыхында Япония менен биргеликте ишке ашып жаткан биринчи долбоор болуп калат. Бул ийгилик эки өлкөнүн изилдөөчүлөрүнүн узак даярдыктарынын жана биргелешкен ишинин натыйжасы болду.

Долбоорго ылайык ОшМУда абанын булганышын изилдөө боюнча жаңы илимий борбор (IRCAPS) түзүлөт. Япония Кыргызстан менен бирге спутниктик маалыматтардын жана машиналык окутуунун негизинде абанын булганышын баалоо системасын иштеп чыгат.

Долбоордун алкагында маалыматтарды чогултуунун географиялык аймагын кеңейтүү үчүн Ош, Бишкек шаарларында жана башка региондордо атмосфералык абанын булганышын өлчөөчү приборлор сатып алынат жана орнотулат.  Андан кийин атмосферанын булганышынын мониторинги иштеп жаткан улуттук системасына киргизилет. Бул үчүн Токио медициналык жана стоматологиялык университети ОшМУнун кызматкерлерин окутуп берет.

Буга чейин  ОшМУда жана Токио медициналык жана стоматологиялык университетинде долбоордун алкагында жолугушуулар уюштурулган.

Учурда абанын булганышы дүйнөдөгү бардык өлүмдөрдүн 12%ын шарттаган оорулардын эң олуттуу экологиялык себеби болуп саналат. Кыргызстанда 2019-жылы абанын булганышынан келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларынын үлүшү жалпы өлүмдөрдүн 18,6%ын түзгөн. 2019-жылы абанын булганышынан келип чыккан респиратордук оорулардын үлүшү жалпы өлүмдөрдүн 31,4% түзгөн.

Фото галерея