ОшМУнун ректору “Университеттер жана келечек” форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору “Университеттер жана келечек” форумуна катышты

Image

Москвадагы М.В. Ломоносов  атындагы Москва мамлекеттик университетинде  “Университеттер жана келечек” эл аралык форуму болуп өттү.

Форумга Евразия мейкиндигиндеги эң ири жана абройлуу университеттердин бирикмеси болгон Евразия ассоциациясынын Кеңешинин мүчөлөрү, Кытай Эл Республикасынын, Вьетнамдын, Араб өлкөлөрүнүн университеттеринин делегациялары катышты. Аталган форумга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышып, “Евразия мейкиндигиндеги регионалдык интеграция контекстинде ЖОЖдордун эл аралык кызматташтыгы” деген темада баяндама жасады.

“Ассоциациянын XV съездинен кийин ОшМУ Евразиянын университеттери менен өнөктөштүгүн белгилүү деңгээлде активдештирип, билим берүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууда, эл аралык интеграцияга көмөктөшүүдө, өнөктөш университеттердин мыкты тажрыйбаларын топтоду.  ОшМУ учурда билим берүү-илим-өндүрүш-коммерциялаштыруу инновациялык системасын ийгиликтүү ишке ашырып, илимий-изилдөө иштерин шаардын, облустун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багыттап жатат. Бул форум биздин өлкөлөрдүн илимий жана академиялык чөйрөлөрүнүн ортосунда көпүрө куруу, бирдиктүү интеграцияланган билим берүү мейкиндигин түзүү жана Евразия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү системаларын бириктирүү багытында эффективдүү жана натыйжалуу платформа болуп калат”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Форумдун алкагында евразиялык мейкиндикте билим берүү жана университеттик илим жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды.

Мындан 35 жыл мурун М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин демилгеси менен түзүлгөн Евразиялык университеттердин ассоциациясы билим берүү жана илим тармагында кызматташуунун концептуалдык маселелери боюнча тажрыйба жана пикир алмашуу боюнча абройлуу жана таасирдүү эл аралык уюм болуп саналат. Бүгүнкү күндө 164 орусиялык жана чет элдик университеттер Евразиялык университеттердин ассоциациясына мүчө болуп киришкен.

 

Фото галерея