ОшМУга 85: ОшМУнун өнөрпоздору Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга 85: ОшМУнун өнөрпоздору Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде

Image

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесинин алкагында искусство факультетинин таланттары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде конок болушту.

“ОшМУну даңктайм ыр менен” аталышындагы иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери күбө болушту.

ОшМУнун искусство факультетинин таланттуу студенттеринен түзүлгөн чыгармачыл жамаат жогорку деңгээлдеги концерттик программа тартуулашты. Эстрадалык жана фольклордук жанрдагы чыгармаларды ансаблдин коштоосунда жандуу аткарышты.  Мындан сырткары сүрөт чийүү, дизайн программалары боюнча көргөзмө коюлду.

“ОшМУну даңктайм ыр менен” аттуу концерттик программасы Ош шаарындагы ЖОЖдордо уланууда.

Фото галерея