ОшМУда боор алмаштыруу операциясы жасалат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда боор алмаштыруу операциясы жасалат


ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон иш сапары учурунда айтты. Аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.
“Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон иш сапарынын жүрүшүндө университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты.  Мындан сырткары, Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттерин, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплекстерин, виртуалдык клиникаларды көрүп чыкты.
Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык бокс жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Фото галерея