Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга келди

Image

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга иш сапары менен келди. Министр окуу жайдын башкы имаратында ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, медициналык билим берүү, медициналык клиникалары боюнча кызматташтыктар тууралуу пикир алышты. Ошондой эле окуу жайдын санариптештирүү багытындагы жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат алды.

Иш сапардын алкагында министр ОшМУнун курулуп жаткан 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышат. Андан соң ОшМУнун Ак-Буура кампусунда “Ден соолук” кербени, университеттик медициналык клиникасынын ишмердүүлүгүн көрөт. Кампуста жайгашкан Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринин окуу-илимий лабораториялары, виртуалдык клииникалары менен таанышып, профессордук-окутуучулук курамы жана медициналык клиниканын кызматкерлери менен жолугат.

Фото галерея